Старшая должность
Общая информация
Ысык-Ата райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
Ысык-Ата райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
1. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый илимдер, техникалык илимдер.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3) -"Кыргызтест" системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээли орточо деңгээлден (В1) төмөн эмес
Жалпы Мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;4) “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;6)Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;7) «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы
Предметтик мыйзамдарды билүү
1) “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;2)«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;3)«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы4)Балдар жөнүндө кодекси5) КР 2003-жылдын 30-августунда No 201 "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси",6) КРнын Эмгек кодекси
– билгичтиги:
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалдаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, 2026-жылдын 24-апрелинен баштап 15-майга чейин, төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Кант шаары, Абдраимов кѳчѳсү, 62, Сурап билүү тел.: (03132) 5-12-00, 5-09-36.
Требования к кандидату
Образование
Степень образования Высшее
Стаж и опыт работы
Знание языков Кыргызский язык
Профессиональные компетенции
Специальность Гуманитарные науки
Ключевые навыки
- Навыки делового общения
- Знание законодательных актов кыргызской республики
- Умение работать в команде
- Навык ведения деловой переписки