Старшая должность
Общая информация
Улук административдик муниципалдык кызмат ордуларына квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:
1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;
Негизги мыйзам актыларын билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
Балыкчы шаарынын мэриясынын коомчулук
менен байланыш жана уюштуруу боюнча бөлүмү:
Бөлүм башчы (У-А)
Башкы адис (У-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим (гуманитардык илимдер: юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер; экономика жана башкаруу: экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маркетинг; маалымат коопсуздугу: маалымат коопсуздугу; тейлөө сферасы)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамын;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди;