Главная должность
Общая информация
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобу (жооптуу катчы) үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-Жогорку билими;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары.
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин
3)“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамын;
4)Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө “ мыйзамын
5)Ак сакалдар жөнүндө мыйзамын:
6)“Жааматтар жөнүндө” мыйзамын
7)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин:
8)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнунудагы №316 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү тартибин;
9)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 169 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобосун:
10)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын.
11)Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 02-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун
12)Кыргыз Республикасынын Президенттин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө “ Жарлыгы
-адам ресурстарын башкаруу жаатында
-кызматтык милдеттерди авткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди:
Билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
- ишти натыйжалуу пландоо;
- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.