Старшая должность
Общая информация
- Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарынын улук тобу ( кирешелерди чогултуу, декларация, салыктык эмес кирешелер ж.б) башкы адис үчүн:
Кесиптик билимдин деңгээли:
-Жогорку билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары
2)Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин:
3)Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин:
4)Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексин;
5)Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамленкеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын;
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү:
Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
ишти натыйжалуу пландоо;
калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
аналитикалык документтерди талдоо;
кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
командада иштөө