Сайтка биринчи жолу кирдим
Сайтка биринчи жолу кирдим

«e-Kyzmat» мамлекеттик парталы мамлекеттик жана муниципалдык органдарды бош кызмат орундарын издөөгө арналган.

«Бош кызмат орундары» бөлүмү

Бул бөлүмдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бош кызмат орундары жайгаштырылган. Ылайыктуу жумуш табуу үчүн бош кызмат орундары бөлүмүнө өтүп, издөөнү пайдаланыңыз. Эгер сизге ылайыктуу бош кызмат орду табылса, анда “Белги берүү” баскычын басып, конкурска катышканыңызды тастыктай аласыз. Талаптар, тестирлөө жана маектешүү мөөнөттөрү, ошондой эле ушул бош кызмат ордуна карата башка маалыматтарды бош кызмат орундары карточкасынан көрсө болот.

«Кадрлар резерви» бөлүмү

«Кадрлар резерви» бөлүмүнө ар кандай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кадрлар резервинде турган адамдар жөнүндө маалыматтар жайгаштырылат.

«Тестирлөө» бөлүм

Бул жерде сиз пландаштырылган тестирлөө мөөнөттөрүн жана тигил же бул кызмат ордуна талапкерлерди тестирлөөнүн натыйжаларын көрө аласыз.

«Жаңылыктар» бөлүмү

Бул бөлүмдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин актуалдуу жаңылыктары чагылдырылат

«Профиль» баракчасы

Жарыяланган бош кызмат орундарына конкурска толук кандуу катышуу үчүн мамлекеттик / муниципалдык кызматка талапкер «E-Kyzmat» мамлекеттик порталында авторизациялоодон өтүп, өзү жөнүндө бардык керектүү маалыматтарды толтурушу керек.

Тартиби:
  1. «E-Kyzmat» мамлекеттик порталында сунушталган ыкмалардын бири менен авторизациялоодон өтүү;
  2. Өзүнүн «Профилине» кирүү;
  3. «Профилде» резюме түзүү үчүн анкеталык маалыматтарды киргизүү;
  4. «Бош кызмат орундары» бөлүмүндө тиешелүү бош кызмат орундарын табуу;
  5. Бош кызмат ордуна белги берүү жана конкурстун бардык этаптарынан өтүү.

«E-Kyzmat» мамлекеттик порталында жарыяланган бош кызмат орундарына катышуу «E-Kyzmat» мамлекеттик порталынын бардык кирүүчүлөрү үчүн жеткиликтүү. Белги берүү жана тандоонун этаптарына катышуу үчүн сунушталган ыкмалардын бири менен авторизациялоодон өтүп, анкеталык маалыматтарды толтуруу керек.