Коопсуздук чаралары
Коопсуздук чаралары
Кеңештер
- Пайдалануучу өзүнүн анкеталык жеке маалыматтарын “Пайдалануучунун жеке кабинетине” өзү өз алдынча киргизүүсү керек.
- Сизге таандык эмес түзүлүштөр аркылуу “Пайдалануучунун жеке кабинетинде” авторизациялоодон өтсөңүз, жеке кабинетиңизден чыгууну унутпаңыз жана эч кандай учурда бул жабдууда эсептик маалыматтарды сактабаңыз.
- Тааныш эмес адамдардын талабы же өтүнүчү боюнча башка тиркемелерди орнотпоңуз.
- Бош кызмат ордуна документтерди берүү процесси пайдалануучунун жеке өзү тарабынан «e-Kyzmat» маалыматтык порталында электрондук форматта жүргүзүлөт.
- Толтуруу үчүн башка жактардын Жеке кабинетинен жеке маалыматтарды берүү сунушталбайт.
Билүү зарыл:
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталынан кабарлоо расмий электрондук почтадан гана жөнөтүлөт
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталы кабарлоо үчүн башка электрондук почтаны колдонбойт.
- Кабарлоонун текстинде башка сайттарга шилтеме камтылбайт.
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталы колдонуу үчүн акысыз болуп саналат жана төлөм талап кылынбайт.
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталы “Пайдалануучунун жеке кабинетинде” көрсөтүлгөндөн башка кандайдыр-бир маалыматтардын киргизилишин талап кылбайт.
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталынан бардык кабарлоолор “Пайдалануучунун жеке кабинетинде” “Кабарлоолор” тиркемесинде кайталанат.
Шектүү каттарды алуудагы аракеттериңиз:
- «e-Kyzmat» маалыматтык порталынан кабарлоолорго жооп берүү талап кылынбайт.
- Жеке маалыматтарды, банктык карта жөнүндө жөнөтүүгө болбойт
- Шектенсеңиз “Пайдалануучунун жеке кабинетине” кирип, кабарлоолорду текшериңиз.