Кенже кызмат орду
Жалпы маалымат
Биринчи саясий департаменттин атташеси
бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(К-А) - 1 бирдик
1. Кесиптик билим деңгээли:
- гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
- «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;
- Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;
- Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.
Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:
- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- англис тилин.
Талапкерге коюлган талаптар
Билими
Тилдерди билүүсү Англис тили Билим деңгээли Жогорку Жаш курагы 21 жыл