Кенже кызмат орду
Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

Кенже кызмат орду

Жарыяланган 23.01.2026,Аяктоо датасы 06.02.2026
0 сомдон баштап
Жалпы маалымат

Экинчи саясий департаменттин атташеси

бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар

(К-А) - 1 бирдик


1. Кесиптик билим деңгээли:

- гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;

- Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;

- Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы     № 113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.

Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:

- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- корей же жапон тилин.

Талапкерге коюлган талаптар
Билими

Билим деңгээли Жогорку Тилдерди билүүсү Япон тили Тилдерди билүүсү Корея тили Жаш курагы 21 жыл

Жооптордун саны54
23.01.2026
06.02.2026
1742
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-625-087
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, улица Абдумомунова Т., дом 207
Почтаokp@mfa.gov.kg
Документтерди карап чыгуу09 февраль 2026
Тестирлөө16 февраль 2026
Маектешүү16 март 2026