Кенже кызмат орду
Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

Кенже кызмат орду

Жарыяланган 23.01.2026,Аяктоо датасы 06.02.2026
0 сомдон баштап
Жалпы маалымат

Экономикалык дипломатия департаментинин

атташеси бош кызмат ордуна

квалификациялык талаптар - 1 бирдик (К-А)


1. Кесиптик билим деңгээли:

- экономика/юридикалык илимдери, экономикалык/юридикалык илимдер тармагындагы магистр даражасы барларга артыкчылык берилет;

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө иш стажы талап кылынбайт.

3. Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Туризм жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;

- Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;

- КРнын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген КРнын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; КРнын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; КРнын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;

- КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген КРнын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону. 

Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:

- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- англис тилин.

Талапкерге коюлган талаптар
Билими

Жаш курагы 21 жыл Тилдерди билүүсү Англис тили

Жооптордун саны120
23.01.2026
06.02.2026
2139
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-625-087
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, улица Абдумомунова Т., дом 207
Почтаokp@mfa.gov.kg
Документтерди карап чыгуу09 февраль 2026
Тестирлөө16 февраль 2026
Маектешүү16 март 2026