Кенже кызмат орду
Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

Кенже кызмат орду

Жарыяланган 23.01.2026,Аяктоо датасы 06.02.2026
0 сомдон баштап
Жалпы маалымат

Тышкы саясатты талдоо жана пландаштыруу департаментинин Суу жана экологиялык дипломатия секторунун атташеси

бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар

(К-А) - 1 бирдик


1. Кесиптик билим деңгээли:

- Эл аралык мамилелер, Эл аралык укук жана саясат таануу тармагында жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- «КРнын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» КРнын Мыйзамдарын;

- КРнын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген КРнын тышкы саясатынын концепциясын;

- КРнын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «КРнын Тышкы иштер министрлиги жана КРнын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгын;

- Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясын;

 Консулдук мамилелер жөнүндө 1963-жылдагы Вена Конвенциясын;

 КРнын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 Жарлыгы менен бекитилген КРнын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө; КРнын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө; КРнын эл аралык уюмдагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболорун;

 КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 токтому менен бекитилген КРнын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобону.

Милдеттүү түрдө төмөнкү тилдерди билүү:

- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;

- англис тилин.

- кошумча чет тилин билүү артыкчылык болуп саналат: немис, француз, италия.

Талапкерге коюлган талаптар
Билими

Жаш курагы 21 жыл Тилдерди билүүсү Англис тили

Жооптордун саны151
23.01.2026
06.02.2026
2437
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-625-087
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, улица Абдумомунова Т., дом 207
Почтаokp@mfa.gov.kg
Документтерди карап чыгуу09 февраль 2026
Тестирлөө16 февраль 2026
Маектешүү16 март 2026