Кенже кызмат орду
Жалпы маалымат
Консулдук департаменттин атташеси
бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(К-А) - 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
- гуманитардык илимдер жаатында жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Төмөнкүлөрдү билүү:
«Тышкы миграция жөнүндө»; «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө»; «Нотариат жөнүндө»; «Жарандык абалдын актылары жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана КРдин бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
Ченемдик укуктук актылардын толук тизмеси, КР ТИМинин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан жеткиликтүү.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- англис же кытай тилин.
Талапкерге коюлган талаптар
Билими
Жаш курагы 21 жыл Тилдерди билүүсү Кытай тили