Кенже кызмат орду
Жалпы маалымат
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси
бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(иштөө пункту - Баткен ш.)
(К-А) – 1 бирдик
Милдеттүү квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
- гуманитардык илимдер жаатында жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- эмгек стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Төмөнкүлөрдү билүү:
- «КРнын дипломатиялык кызматы жөнүндө»;
- «Мамлекеттик органдардын КРнын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;
- «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
- «КРнын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө»;
- «КРнын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» КРнын мыйзамдарын.
- КРнын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген КРнын тышкы саясатынын концепциясын;
- КРнын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «КРнын Тышкы иштер министрлиги жана КРнын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгын;
- Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясын;
Ченемдик укуктук актылардын толук тизмеси, КР ТИМинин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg расмий сайттарынан жеткиликтүү.
Милдеттүү түрдө тилдерди билүү:
- мамлекеттик тилди өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- расмий тилин өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө;
- англис, корей же кытай тилин.
Талапкерге коюлган талаптар
Билими
Жаш курагы 21 жыл Тилдерди билүүсү Кытай тили