Айыл өкмөтүнүн башчысы
Жалпы маалымат
Талаптар:
-жогорку
билим;
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын
ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо
мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар
адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө
ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйба.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:
– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;
– эмгек китепчеси;
– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);
– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга
каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме ушул Жобонун
тиркемесине ылайык форма боюнча.