Муниципальная служба
Младший резерв гос/мун

Муниципальная служба

Жарыяланган 02.03.2026,Аяктоо датасы 06.03.2026
20 000 сомдон баштап
Жалпы маалымат

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК

 

      Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялайт.

 

Документтер 2026-жылдын 2-мартынан 6-мартына (кошо алганда) чейин кабыл алынат.

 

Конкурстук тандоо үч этапта жүргүзүлөт:

1.    Документтерди кароо

2.    Компьютердик тестирлөө

3.    Аңгемелешүү

 

        Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү боюнча тестирлөө өткөрүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

Тестирлөөгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер катыша алышат:

- мамлекеттик органдар үчүн жогорку билими болууга тийиш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жогорку же орто кесиптик билими болууга тийиш;

- иш стажына талаптар коюлбайт.

 

Эгерде талапкер тестирлөө этабында 50% балл алса, анда ал сынактын кийинки этабына киргизилет.

 

Сынактан тышкары жеке арызынын негизинде кадрлар резервине төмөнкү бүтүрүүчүлөр киргизилет:

- «Акылман» президенттик лицейи;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү»  эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларынын артыкчылык диплому менен аяктагандар.

 

Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды электрондук форматта «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу тапшыра алышат, арызга электрондук форматтагы (сканерленген) документтер тиркелет:

- негизги жана кошумча билими жөнүндөгү документтердин скандалган көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо). Чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын дипломдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте которулуп жана апостиль коюлушу керек.

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда).

 

Резервде туруу мөөнөтү 3 жылды түзөт.

Конкурс жөнүндө маалымат менен Агенттиктин веб-сайтында https://mkk.gov.kg/ таанышууга болот.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0 312 62 04 12, 66 01 49, 66 03 37


Талапкерге коюлган талаптар
Билими

Билим деңгээли Бакалавр

Жооптордун саны1118
02.03.2026
06.03.2026
11231
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-660-149
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, проспект Чуй, үй 122
Почтаoork.gags@gmail.com
Документтерди карап чыгуу09 март 2026
Тестирлөө01 апрель 2026
Маектешүү20 апрель 2026