Улук кызмат орду
Жалпы маалымат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты улук кызмат орундар тобуна ички кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча 2026-жылдын 3-апрелинен 13-апрелине чейин конкурс жарыялайт:
Улук кызмат орундар тобуна ички кадрлар резервине киргизүү үчүн квалификациялык талаптар:
Жалпы талаптар:
Мамлекеттик жарандык кызматчы төмөнкүлөргө ылайык болушу керек:
– Кыргыз Республикасынын жараны болушу;
– 21 жаштан кем эмес болушу;
– ушул кызмат орундар тобу үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши;
– соттолбогон болушу.
2. Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим.
3. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Кененирээк маалыматты 0312 60 95 15 телефону аркылуу же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтынан (https://mkk.gov.kg/
) алсаңыздар болот.