Улук кызмат орду
Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

Улук кызмат орду

Жарыяланган 03.04.2026,Аяктоо датасы 17.04.2026
Жалпы маалымат

1)  Кесиптик билим деңгээли:

- «Эл аралык мамилелер»; «Бизнес башкаруу»; «Менеджмент»; «Эл аралык укук»; «Эл аралык экономикалык мамилелер»; «Юриспруденция»; «Экономика» адистиги (багыты) боюнча жогорку билим;

- мамлекеттик тилди тиешелүү деңгээлде билгендигин тастыктаган «Кыргызтест» сертификаты;

2) эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;


Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:

- жеке арыз;

- сүрөтү бар кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;

- резюме (электрондук почтасын жана соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- негизги жана кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо), иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн же түп нускалары;

- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө “Кыргызтест” сертификаты;  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда), иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн же түп нускасы.

 

Аты-жөнү көрсөтүлгөн көктөмөгө тигилген документтер (Дело № папкасы) 2026-жылдын 3-апрелинен 17-апрелине чейин Бишкек шаары, Чүй проспектиси 265 А дарегине (Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын имараты, экинчи кабат, батыш канаты) тапшырылышы керек, телефон номери 0 (312) 64-11-74, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү.

 

ЭСКЕРТҮҮ: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди тапшырган жарандар конкурсқа катышууга киргизилбейт.



Талапкерге коюлган талаптар
Жооптордун саны3
03.04.2026
17.04.2026
30
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-641-174
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, проспект Чуй, дом 265 а
Почтаazret1974@gmail.com
Документтерди карап чыгуу20 апрель 2026
Тестирлөө27 апрель 2026
Маектешүү11 май 2026