Башкы кызмат орду
Жалпы маалымат
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- «Информатика жана эсептөө техникасы»; «Маалыматтык системалар жана технологиялар»; «Колдонмо информатика»; «Программалык инженерия»; «Интернет технологиялары жана башкаруу»; «Компьютердик лингвистика»; «Маалыматтык коопсуздук»; «Колдонмо математика жана информатика»; «Электроника»; «Радиотехника жана байланыш»; «Экономика жана башкаруу» бардык багыттары боюнча; «Юриспруденция» адистиги (багыты) боюнча жогорку билим;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө «Кыргызтест» сертификатынын болушу;
- киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо жаатындагы сертификаттардын болушу артыкчылык болуп саналат.
2) иш стажы жана иш тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
- жеке арыз;
- сүрөтү бар кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
- резюме (электрондук почтасын жана соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- негизги жана кошумча билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо), иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн же түп нускалары;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө “Кыргызтест” сертификаты;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болгон учурда), иш орду боюнча күбөлөндүрүлгөн же түп нускасы.
Аты-жөнү көрсөтүлгөн көктөмөгө тигилген документтер (Дело № папкасы) 2026-жылдын 3-апрелинен 17-апрелине чейин Бишкек шаары, Чүй проспектиси 265 А дарегине (Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын имараты, экинчи кабат, батыш канаты) тапшырылышы керек, телефон номери 0 (312) 64-11-74, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү.
ЭСКЕРТҮҮ: белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди тапшырган жарандар конкурсқа катышууга киргизилбейт.