Башкы кызмат орду
Жалпы маалымат
Башкы кызмат орунуна (орун басар) коюлуучу квалификациялык талаптар:
1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча
2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
Негизги ЧУАнын тизмеси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси.
5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик ЧУАнын тизмеси:
· Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
· Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
· Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндөгү” №43 Жарлыгы.
· Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө» Жобо;
· Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы №25 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо;
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).
Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
-өздүк арыз;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;
-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;
-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);
-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
-жарандык паспорт (көчүрмөсү);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 2026-жылдын 25-апрелине чейин кабыл алынат.
Дареги: Баткен областы, Лейлек району, Кулунду айылы, А.Набиев көчөсү №56, Кулунду айыл өкмөтүнүн кеңсеси.
Талапкерге коюлган талаптар
Билими
Билим деңгээли Жогорку
Иш стажы жана тажрыйбасы
Мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы 3 жыл Муниципалдык кызматтагы иш тажрыйбасы 3 жыл , Кесиптик тажрыйбасы 5 жыл
Негизги көндүмдөр
- It бөлүмүн башкаруу тажрыйбасы
- Позицияны бекем коргой билүү
- Максаттарды коюу жана аягына жетүү
- Жумуш процессин уюштуруу жөндөмдөрү
- Насаатчылык жана кызматкерлер үчүн түрткү берүүчү иш-чараларды даярдоо
- Сүйлөшүүнү алып баруу жөндөмдөрү
- Кызматкерлерди мотивациялоо жөндөмдүүлүгү
- Сүйлөшүүлөр жана келишимдерди түзүү
- Долбоорду башкаруу
- Уюмдун ишин автоматташтыруу