Улук кызмат орду
Жалпы маалымат
I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы;
II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер КЕРЕКТЕЛЕТ:
- өтүнмө (электрондук түрдө https://kyzmat.gov.kg порталы аркылуу берилет);
- кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
- эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
- илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
- квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
– электрондук форматта өтүнмө берет;
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт;
– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (түп нускадагы документтердин сканерленген варианты) тиркелет.
Көңул буруңуздар:
Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин өтүнмөгө сканерлеп тиркелүүчү документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтынан таанышып чыгыңыздар: https://mkk.gov.kg/о-перечне-документов-необходимых-для/
Электрондук форматта өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү:
2026 – жылдын 29-май күнү саат 15-00.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн дарек:
720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.
Байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44.
Талапкерге коюлган талаптар
Билими
Билим деңгээли Жогорку
Иш стажы жана тажрыйбасы
Мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы 1 жыл Муниципалдык кызматтагы иш тажрыйбасы 1 жыл , Кесиптик тажрыйбасы 3 жыл