Улук кызмат орду
Кадрлардын резервине киргизүү үчүн ачык конкурс

Улук кызмат орду

Жарыяланган 03.06.2026,Аяктоо датасы 12.06.2026
Кыргыз республикасынын укуктук жол-жоболорун билүү
Ишкердик кат алышуу көндүмдөрү
Келишимдерди түзө билүү
Чектөө жана маалыматтын купуялуулугун сактоо мүмкүнчүлүгү
Эксперттик топтордун ишине катышуу
30 000 сомдон баштап
Жалпы маалымат

Эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо жаатында

 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:

 

1) Кесиптик билиминин деңгээли:

- юриспруденция, эл аралык мамилелер жана эл аралык укук жаатындагы жогорку кесиптик билими;

2) Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Эл аралык байланыштар жана уюштурууну камсыздоо жаатындагы административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобу үчүн кесиптик компетенциялар:

Билүү:

- «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;

- «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», « Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенттери;

- англис тилин Intermediate деңгээлинен төмөн эмес билүү;

- башка чет тилдерди кошумча билүү артыкчылыктуу.

Билгичтиги:

- маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- ата мекендик жана чет өлкөлүк мыйзамдарга салыштырма укуктук талдоо жүргүзүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- жаңы эмгек шарттарына көнүү;

- ченемдик укуктук актыларга укуктук талдоо жүргүзүү жагында ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөө;

- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо.


Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;

- башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына юридикалык экспертиза (укуктук талдоо) жүргүзүү;

- эл аралык жана ички иш-чараларда жетекчиликти протоколдук камсыз кылуу;

- көп тараптуу форматтагы иш-чараларды өткөрүү;

- чет өлкөлүк кызматтык сапарларды даярдоо жана уюштуруу жагынан камсыз кылуу;

Конкурстук документтерге коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун веб-сайтына жайгаштырылган https://constsot.kg/ru/


Талапкерге коюлган талаптар
Билими

Билим деңгээли Жогорку

Иш стажы жана тажрыйбасы

Мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы 1 жыл

Кесиптик компетенциялар

Сферы деятельности Юриспруденция ,

Негизги көндүмдөр
  • Кыргыз республикасынын укуктук жол-жоболорун билүү
  • Ишкердик кат алышуу көндүмдөрү
  • Келишимдерди түзө билүү
  • Чектөө жана маалыматтын купуялуулугун сактоо мүмкүнчүлүгү
  • Эксперттик топтордун ишине катышуу
Жооптордун саны59
03.06.2026
12.06.2026
703
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
Байланыш маалыматы
Телефон номери(312)-660-547
ДарегиКыргызская Республика, г. Бишкек, Первомайский р-н, проспект Эркиндик, дом 39
Почтаa.nurlanbekova@constsot.kg
Документтерди карап чыгуу15 июнь 2026
Тестирлөө19 июнь 2026
Маектешүү13 июль 2026