Улук кызмат орду
Жалпы маалымат
Балыкчы ш. мэриясынын улук административдик муниципалдык кызмат ордуларына кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Мамлекеттик Агенттиктин mkk.gov.kg, Балыкчы шаарынын мэриясынын balykchy.gov.kg баракчасынан толук маалымат алсаңыздар болот
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим (гуманитардык илимдер: юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер; экономика жана башкаруу: экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, менеджмент, персоналдарды башкаруу, маркетинг; маалымат коопсуздугу: маалымат коопсуздугу; тейлөө сферасы, социалдык илимдер; педагогикалык билим берүү; саламаттыкты сактоо; маданият жана искусство, айыл чарба жана айыл чарба илимдери; геодезия жана жерге жайгаштыруу; энергетика жана электроэнергетика; архитектура жана курулуш)
2. иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
Улук кызмат ордуларына негизги мыйзам актыларын билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
3.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.
Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет;
Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2026-жылдын 7-августтан 17-август аралыгында.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0394432771
ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.
Талапкерлерге конкурс өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.